Коронавирус дагы 25 адамдан табылды. Айыккандары да бар
Бүгүн, 9-майга карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 25 учуру катталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министрлиги кабарлайт.
• Бишкек ш. – 2
• Чуй облусу - 4
• Нарын облусу - 11
• Ош облусу - 3
• Жалал-Абад облусу - 4
• Баткен облусу - 1
Учурда өлкө боюнча коронавируска чалдыккандардын саны 931 кишиге жетти. Бир сутка ичинде 8 бейтап ооруканадан айыгып чыкты:
• Бишкек ш. – 7
• Нарын облусу - 1
Республика боюнча жалпы 658 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды.
Белгилей кетсек, 23-марттан тартып, 10-майга чейин Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда өзгөчө абал күчүндө болот. Өлкөнүн калган аймактарында өзгөчө кырдаал калтырылган. Ал дагы узарабы же жокпу белгисиз. 1-майдан тарта ишмердүүлүктүн айрым түрлөрү иштей баштаган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: